Жанар Туратова - Жүрөгүм бар
обону: М.Нурланбеков
сөзү: А.Кубанычбеков
Жаралып келген, жарык бул аалам,
Жалганды чындай көптөр кураган.
Жеңиле бербе желдей сөздөргө,
Чыдагын жүрөк, чыда баарына суранам.
Неге, үмүтүмдү бекер учурамын,
Өзүнчө эле өзүмө батпай кысыламын.
Жеңилбе, кыйын күндүн билсең себеби бар,
Ошол үчүн жараткандын берери бар.
Кайырма:
Бул агымыңа каршы сүзө алам,
Бут тоскон сайын кайра күч алам.
Ишеним бар, изги тилегим бар.
Кол сунбай койсун мейли бүт адам,
Ойлогон ойго билем жете алам.
Жүрөгүм бар, таза жүрөгүм бар.
Коркобуз чындап өзгө ойлордон,
Кадамды таштай албай толгоном.
Максатка жетиш үчүн жашаймын
Ойлорум жетпей чекитке болжогон
Јαƞαʀ Ƭʋrαтσѵα
Жаны клиптер | Жаны ырлар | SOLO:
SOLO - это первый музыкальный медиапортал, посвященный исключительно кыргызской культуре и музыке.
Все права защищены. Полное или частичное копирование материалов запрещено, при согласованном использовании материалов необходима ссылка на ресурс.
e-mail: solomediagroup@
© SOLO MEDIA
#SOLO #КыргызчаЫрлар #ЖанарТуратова